Махабат

Премьера: 18-май
Жанр: мелодрама
Узактыгы: 97мин
Режиссер: Шаир Касмалиева
Башкы ролдо: Сакыбек Карабаев, Марат Амираев, Шаир Касмалиева, Айсалкын Кыйкбаева, Атай Омурбеков, Асема Токтобекова, Зарема Асаналиева, Мадина Медина Талипбек

Сүйүү жашка дагы, убакытка дагы көз каранды эмес… «Жаш курак сүйүүдөн баш тартуунун себеби эмес»- ушул максат менен « Махабат» тасмасынын каармандарынын жашоосу сүрөттөлөт. Жашоодогу ар кандай себептер, ааламдын көзгө көрүнгүс жиптери каармандарды бири-бирине жолуктуруп, байлап салат. Ар бир ата-эне үчүн эң ыйык нерсе ал үй- бүлөө жана балдары. Бул нерсе үчүн алар жашоосунун эң сонун көз ирмемдерин арнашкан. Бирок тасмадагы Кайрат менен Махабаттын арзып күткөн сүйүүсүнө жөн гана адамдык бактылуу өмүр сүрүшүнө алар каршы. Балдары үчүн алардын сезими бул сүйүү эмес. Эмне үчүн улуулар сүйө алышпайт?